super.kg logo
  Саясат  

Эки жыл мурда саясаттан биротоло кеттим деген Өмүрбек Бабанов бүгүн саясий карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады

 

Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте "Республика" партиясынын кезексиз съезди өттү.

Анда "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов сөз сүйлөп, партия элге берген убаданын 75 пайызын аткарганын белгилеп өттү.

"Бүгүнкү күнгө чейин фракциянын атына жарандардан 14 миң 62 кайрылуулар келген. Баардыгы аткарууга жөнөтүлгөн. Жалпысынан фракциянын 98 жыйыны болду, анын ичинен 15и аймактарда өттү. Натыйжада 338 чечим кабыл алынган. Карапайым элдин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн 15 мыйзам долбоорун сунуштап чыкканбыз. Алардын ичинен 11 мыйзамды ишке ашырдык", - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Өмүрбек Бабанов саясаттан кетип жатканын жана партия лидерлигин бошоторун билдирди.

"Мен саясий карьерамды жыйынтыктап жатам. Желекти жаш муунга өткөрүп берүү мезгили келип жетти. Жаңы лидер катары Мирлан Жээнчороевди көрүп жатам", - деди Бабанов.

Жыйынтыгында "Республика" партиясынын жаңы лидери болуп депутат Мирлан Жээнчороев шайланды.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ушул жылдын август айында кайтып келген. Ага каршы УКМК эки кылмыш ишин козгогон, анын бири токтотулган. Өлкөгө кайтып келгенден кийин Бабановду Финпол менен УКМК бир нече ирет суракка чакырган. Жыйынтыгы азырынча белгисиз.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы декабрь айында саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: