super.kg logo

Жогорку Кеңеште 2018-жылы өлкөдө 10 миңден ашык ажырашуу катталганы айтылды

 

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеште “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Парламенттик угууда демилгечилердин атынан депутат Евгения Строкова бул мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Строкова өз сөзүндө Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып, 2018-жылы өлкөдө 49579 нике жана 10434 ажырашуу катталганын айтты. "Ошентип расмий катталгандардын ичинен ар бир 4-5 нике бузулуп жатат. Мында никелери расмий түрдө катталбаган адамдардын үй-бүлөлүк мамилелери токтотулган учурларынын саны жөнүндө маалымат дээрлик жокко эсе. Соңку 3 жылда ажырашуунун саны улам өсүү тенденциясына ээ болууда, ошонун кесепетинен барган сайын жашы жетпеген балдардын ата-энелердин биринде калып жаткандыгы көбөйүүдө. Мындан тышкары, ата-энелеринин биринин миграцияда жүрүшү баланын ансыз да оор материалдык абалын курчутууда”, - деди ал.

Мыйзам долбоору жашы жете элек баланы багуу үчүн жетиштүү алименттерди туруктуу төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды карайт, бул алиментти толук өлчөмдө ала албай жаткан балдардын санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.12.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карызга той кылса ошондой болот куру намыс кыргызды курутуп бутмой болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: