Бишкектеги ок атышуудан жабыркагандардын экөөнө операция жасалды
9-декабрда Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар тарабынан ок атышуу орун алганы маалымдалган. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алып, алардын бири оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бүгүнкү күнгө карата жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтапка операция жасалып, абалы канааттандырарлык болуп калды. Дагы бир жабырлануучуга операция жасалды. 3 бейтаптын тең абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деди басма сөз кызматынан.
Бул окуя боюнча ИИМ ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 24 жаштагы Т. уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар шектүү катары кармалганын билдирген. Кармалгандардын жанынан Макаров тапанчасы алынган. Шектүүлөр менен жабырлануучулардын баары Токтогул районунун тургундары экендиги аныкталып, алар 1 жарым жылдан бери бири-бири менен касташып келгендиги маалым болгон.



1 |