"Үйдөн же акчадан жок отурам" деген мугалим дольщикти "Ынтымак" курулуш компаниясынын башка дольщиктери ынтымакка чакырды




Бүгүн, 20-декабрда "Же акчадан жок же үйдөн жок калдым. 2 жылдан бери компаниянын курган үйү бүтпөйт, же акчаны кайтарбайт" деген мугалим Айгүл Бердигулова маалымат жыйын берген. Анын айткандарын четке кагып "Ынтымак" курулуш компаниясынын башка дольщиктери ага жооп кайтарышты.
Дольщик Гүлнара Акматбекова учурда курулуш иши токтоп калбаганын, буюрса күтүлүп жаткан үй кийинки жылдын соңунда эксплуатацияга берилерин айтты.
"Айгүл Бердигулова эч ким менен кеңешпей, сурабай туруп эле маалымат жыйын берди. Чынында айткандары чындыкка толук дал келбейт. Анткени үйдү кайсы бир компания курбайт, үй жалпы долщиктердин төккөн акчасынын эсебинен курулуп жатат. Дольщиктер акчаны төксө курулуш бат бүтөт болбосо бүтүшү кыйын да", - деди ал.
Дольщиктердин бири Жумабай Эсеналиев Айгүл Бердигуловага буга чейин төлөгөн акчасын кайтаруу мүмкүн эмес экенин айтты.
"Себеби анын акчасы курулушту жүргүзүүгө жумшалды. Биз жалаң долщиктерден түзүлгөн жамаатпыз, кимиси кайтарып берет акчаны? Эгерде Айгүл Бердигулова курулуп жаткан батирин сатууга кардар тапса маселе жок, биз аны документтерин ошол кишиге өткөрөбүз. Мындай иште сабырдуу бололу", - деди Эсеналиев.
Айтымдарында, азыр курулуш иштери жүрүүдө, андагы үйлөрдүн бири дээрлик аяктап калды. Негизгиси үй алабыз деп ушул объектке акча бергендер ынтымактуу болушса курулуш иштери аяктайт.
"Биз 300 долщик, баарыбыз алданып калганбыз. Акчаны алгач алгачкы компания аны куруп бүткөн жок, бирок курулуш иштерин биз берген акчага баштап коюп кетишкен. Ортодон укук коргоо органдарына, Жогорку Кеңешке, айтор бизди угат деген жердин баарына бардык. Ызы-чуу салдык, бирок жыйынтык болгон эмес. Ошондон кийин акчаларыбыз күйүп кетпесин деп жалаң кардарлар кеңешип, топ түзүп, комиссия шайлап, курулушту улантууну колго алганбыз. Баарыбызга кыйын болду, бирок биз азыр ызы-чуу салсак кайрадан курулуш токтоп калат. Мындан улам долщиктерди ынтымакка чакырам", - деди Эсеналиев.





1 |