Чындыкка дал келбейт. Чүй ОИИББи Кантта күйүк алып каза болгон өспүрүмдүн окуясы боюнча маалымат таратты
Чүй облусунун Кант шаарында компьютер жарылып кетип, 15 жаштагы өспүрүм күйүк алган маалымат боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдирет.
19-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондогу дачалардын биринде турак үйдөн өрт чыкканы боюнча маалымат түшкөн. Өрттүн кесепетинен улам өспүрүм денесинен күйүк алган.
"Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, өрттөн 15 жаштагы Г.С. жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал бүгүн, 20-декабрда каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды. Окуучу үйдө апасы, чоң апасы жана эки кичинекей сиңдилери менен жашачу. Өрт чыккан убакта үйдө апасы бар болгон. Өрт алдын ала маалыматтар боюнча электр тогунан улам чыккан. Ал эми компьютер жарылып кетип, бала күйүк алган деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.



1 |