super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр өкмөт өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүүнү көздөй турганын айтты

 

"Өкмөт өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүүнү көздөйт, анткени бул чөйрө – ар бир мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнүн локомотиви", - деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Майлуу-Суу лампа заводу" ЖЧКсынын иши менен таанышкан учурда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчыга завод банкрот болуу алдында турганын жана бүгүнкү күндө ишкана толук кубаттуулукта иштетилбей жатканын айтышты.

Заводдон 40 түрлүү лампа чыгарылат, негизинен жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот.

"Биз буга чейин ушул заводдун кичине лампаларын колдончубуз. Ишкана шаарларды түзүүчү болуп саналат, көңүл бурууну талап кылат. Бул жерге жакшы инвестор же каржылоо керек. Биз бул же тигил ишкананы жабуу жөнүндө ойлонбошубуз керек. Тескерисинче, эскилерин жандандырып, жаңы завод жана фабрикаларды ачуубуз зарыл. Өнөр жай – бул экономиканын кыймылдаткычы. Ошондуктан ишкананы колдоо маселесин карап чыгуу керек", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: