super.kg logo

Бишкекте акчасын жоготуп алган окуучуну айдоочу аялдамадан түшүрбөй урушту деген окуя боюнча кылмыш иши ачылды

 

Бишкекте №7 багытындагы автобустун айдоочусу 11 жаштагы окуучуну жол кире төлөбөгөндүгү үчүн аялдамадан түшүрбөй койгон. Бул тууралуу окуучунун апасы 20-декабрда айтып чыккан. Көп өтпөй Бишкек мэриясы айдоочу иштен алынарын билдирген.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматы бүгүн, 21-декабрда жогорудагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын маалымдады.

"20-декабрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга ылайык, айдоочу окуучуну аялдамадан түшүрбөй 1 жарым чакырым алыс жерден түшүргөн. Окуучу акчасын жоготуп алгандыктан жол кире төлөй албагандыгы маалымдалган.

Мындан тышкары, айдоочу окуучуну сыртка чыгарбай аны урушкандыгы айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 172-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
21.12.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
А жанындагы адамдар асманды карап отуруштубу... 10 сомун мен толоп коеюнчу дешпейби жок дегенде бироо... Шоферго го кеп жок ХХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2019-12-23 08:50:08
21.12.2019. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mintip-menu-suybo,туура айттын.минтип мени суйбо.баракчага катталган атын дагы соонун экен)))
21.12.2019. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mintip-menu-suybo, бала роботтор жургон автобуска чыгып алыптыр
21.12.2019. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
al-abu-kinesz,:))))
Samira98 түзөттү 2019-12-21 22:30:41
21.12.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Биздин мердин уяты барбы,иштебеген окуучужан жол кире сурап,ошол акча мн шаар байып кетседа,башка программа ойлоп тапсын,бекер журо турган,оздорунун балдары коомдук транспорт деген эмне экенин билбесе керек,элдин балдарын да озунордой ойлогула шаар жетекчилери
22.12.2019. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
peri9292p,ал мэрге сөз жок, карапайым элди кайдан ойлосун, курман ыраазы болсун!?
21.12.2019. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Окуучуларга ар биринен акча албай льготная система ойлоп табышы кк.Карта сыяктуу
21.12.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
водитель өзүндүн балаңды бирөө ошондой кылса эмне болот элен
22.12.2019. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Водительдер айлыка иштейби эгер айлыка иштесе эмнеге антет автобуз часный эмеско маршурутка болсо бир жон пейилди кенен кылса болотко жаш балага
23.12.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur...nur., автобус троллейбус айдоочулары айлыкка иштейт бирок ар бир саатын эсептеп план төгөт эртең менен жумушка чыкканда колуна путевой лист берет ал жерде канча саат жазылса ошого жараша план тогосун бир сменага 2000 ашык төлөйсүң. Водитель чынында туура эмес кылган бир баланын сегиз сому менен план толуп калбайт да акчам жок деп келгендер көп эле болот.
24.12.2019. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун мэри кыргызстандагы бүт мэрлердин оозуна түкүрүп чыгыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: