Бишкекте “Кыргызстанда жасалган” кийимдер жарманкеси өтөт
20-августта Бишкекте ата мекендик жеңил өнөр жай продукцияларынын “Кыргызстанда жасалган” аттуу жарманкеси башталат. Иш-чара Кожевенная №74-дарегинде жайгашкан “Алкан" базарынын аймагында уюштурулат. Жарманкенин негизги максаты – Кыргызстанда жасалган бренд кийимдерди жайылтуу жана таанытуу. Жарманкеде бардык жаш курактагылар үчүн мыкты үлгүдөгү кийимдер, трикотаж, мектеп окуучулары үчүн бут кийимдер жана окуу куралдары сатылат. Ага бардык окуучулар, студенттер, ата-энелер катышып, жаңы окуу жылына даярдык көрүшсө болот. Жарманкени “Алкан базары” ишканасы жана КРнын Жеңил өнөр жай ассоциациясы уюштурууда. Иш-чара 29-августка чейин созулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















