Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда өтөт















78 жашында каза болгон Кыргыз Эл артисти, легендарлуу режиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда саат 09:30да болот. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюларын билдиришти.
Коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында орун алат.
Режиссёр буга чейин оор абалда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана президенттик башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалымдалган. "Кыргыз кереметинин" таланттуу өкүлү 21-декабрда каза болду.
Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Белгилүү акын Төлөн Шамшиевдин уулу. Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев 1965-жылы Бүткүл орусиялык кинематография институтун бүткөн. Окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча, орусиялык режиссёр Лариса Шепитько тарткан "Аптап" кинофильминде башкы каармандын (Кемелдин) ролун аткарган. Алгач "Манасчы" (1965), "Чабан" (1966) аттуу даректүү фильмдерди тартып, андан кийин 1968-жылы казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун чыгармасы боюнча өзүнүн "Караш-Караш окуясы" деген алгачкы көркөм фильмин жаратат. 1972-жылы "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильмин тарткан. Жогоруда аты аталган фильмдерине Орто Азия жана Казакстан, бүткүл союздук, эл аралык кинофестивалдарда алдынкы байгелер ыйгарылган.
Болот Шамшиевдин Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча, 1975-жылы тарткан социалдык-этикалык жана философиялык маанидеги "Ак кеме" фильми Бишкек шаарында өткөн Бүткүл союздук 9-кинофестивалда, Италияда баш байгелерге, Чехословакияда атайын байгеге татыктуу болгон. Ал эми "Эрте келген турналар" фильмине Дүйшөмбү шаарында өткөн Бүткүл союздук 13-кинофестивалда баш байге ыйгарылган.
Ал мындан сырткары "Сүйүү жаңырыгы", "Адамдардын арасында", "Эрте жаздагы турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямага чыгуу" тасмаларынын режиссёру.
Болот Шамшиев Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган. 2016-жылы анын 75 жылдыгы белгиленген. Ошол жылдын ноябрь айында кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган мааракеде "Түрксой" уюму тарабынан режиссёр алтын медаль менен сыйланган. Аталган сыйлык Болот Шамшиевге түрк элдеринин кино тармагына кошкон салымы үчүн ыйгарылган. 2 кыз жана 3 уулдун атасы.

