Түнкүсүн -30 градуска чейин төмөн. 24-26-декабрда өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөйт
Өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөйт. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
22-23-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында туруксуз аба ырайы орун алат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым аймактарда секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
24-26-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12° суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…+5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3 …+2°, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2°ка жетет.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.
21-декабрдан 23-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-115 чакырымында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы чектелген 500 метр аралык сакталышы керек.



1 |