2020-жылы реконструкциялоо иштерине байланыштуу Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол" – "Кордай" көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын депутаттар тобунун жолугушуусунда белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалымат боюнча, Казакстандын мажилис төрагасынын орун басары Владимир Божко келе жаткан жылы «Кордай» бекетин оңдоо иштери башталарын айткан.
Казакстандын расмий маалыматы боюнча, эки өлкө ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер.
Эки жактуу бекеттердин төртөө 2010-жылы жабылган боюнча ачыла элек. Казак тарап бул пункттардын жабылышына чек арадан өткөн элдин жана автоунаалардын аздыгын жүйө келтирген.
Учурда иштеп жаткан өткөрмө бекеттерден жылына 11 миллиондой адам, 465 миңге чукул автоунаа өтөт.