super.kg logo

ТОП-10: "Forbes" журналы эң көп киреше тапкан YouTube-блогерлерин атады

 

"Forbes" журналы YouTube каналындагы эң көп киреше тапкан видео блогерлердин ТОП-10дугун жарыялады. Рейтингде биринчиликти эки жыл катары менен 8 жаштагы Райан Каджи ээлеген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ага ылайык, 2019-жылдыгы Райан Каджинин кирешеси 26 миллион долларды түзгөн. Анын каналына азыркы убакта жазылгандардын саны 23 миллион. Каджи мындан сырткары, "Walmart", "Target" соода тармагында жана "Nickelodeon" телеканалы менен келишим менен иштешкендиктен бул жактан дагы киреше түшүп турат.

Райан Каджи

Экинчи орунга 30 жаштагы 5 достон турган "Dude Perfect" командасы ээ болгон. Алар Коби Коттон, Кори Коттон, Гаррет Хилберт, Коди Жонс жана Тайлер Тони. Видео тартуу учурунда алар ар кандай трюктарды аткарышат. Алардын жылдык кирешеси 20 миллион долларды түзгөн. Ал эми катталуучулардын саны 47 миллион 7 миң киши.

 Үчүнчүлүктү 5 жаштагы Анастасия Радзинская багындырган. Анын каналына катталуучулардын саны 42 миллион 7 миң кишини түзгөн. Кичинекей блогердин кирешеси 18 миллион долларды түзгөн. Кызыгы, Радзинскаянын видеолору 7 тилде чыгат.

Анастасия Радзинская
Төртүнчү орунга Рэт МакЛауфин жана Линк Нил жайгашкан. Алар популярдуу шоуну алып барышат. Алардын YouTube'да 4 каналы бар. Кирешеси 17 миллион 5 миң долларды түзөт.

Рэт МакЛауфин жана Линк НилАл эми бешинчи орунда Жеффри Стар макияж жасоону видеого тартат. Ага популярдуулукту жеке косметикалык линиясы алып келген. Анын кирешеси 2019-жылы 17 миллион долларды түзгөн.

 Жеффри Стар

Андан кийин геймер жана "пранк" тартуучу Престон Арсмент 13 миллион кирешеси менен орун алган.

 Престон АрсментАл эми дүйнөдөгү эң популярдуу видеоблогер PewDiePie (Феликс Чельберг) журналдын рейтингинде 7-орунда жайгашкан. Анын катталуучулары 102 миллион кишини түзөт.

PewDiePie

Геймер Марк Фишбах (Markiplier) видео оюндарды гана тартпастан, геймерлердин жеке кийимдерин дагы чыгарган. Анын кирешеси 13 миллион долларды түзүп, тизмеден 8-орунга жайгашкан.

Британиялык Дэн Миддлтон (DanTDM) оюндарды видеого тартат. Анын кирешеси 12 миллион долларды түзгөн. Ондукта геймер Эван Фонг (VanossGamin аты менен таанылган) турат. Кирешеси 11 миллион 5 миң долларды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.12.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опа мен да блогер болом буйруса....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: