Бишкек мэриясы: "Карды тазалоодо туура эмес жайларга токтотулган унаалар тоскоолдук жаратууда"







Бишкек шаардык мэриясы шаар ичинде туура эмес жайларга токтотулган унаалар "Тазалык" ишканасынын жумушчуларына тоскоолдук жаратып жатканын маалымдады. Мэриядан билдиришкендей, аталган ишкананын жумушчулары калың жааган карды жашоочулар үчүн ыңгайлуу кылып тазалоо үчүн 2-сутка иштеп жатышат.
"Жумушчулар аялдамадагы, тротуарлардагы, унаалар коюлуучу жерлерди карлардан тазалоону биринчи орунга коюшкан. Бүгүн таңда шаардагы көчөлөрдүн тайгалак болушунун алдын алуу үчүн 213 тонна туз чачылды. Жалпысынан жол-эксплуатациялык 20 топ иш алып барууда. Бул үчүн түрдүү 36 техника иштеп жатат. Ал эми шаардагы карды тазалоого 700 жумушчу тартылды.
Бирок айрым айдоочулар унааларды баш аламан токтотуп коюп кетишет. Мындай учурда "Тазалыктын" жумушчулары ошол тегеректи тазалай албай убара, өзгөчө кең көчөлөргө унааларды токтотууда бул эрежелерди сактооңуздарды суранабыз", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, көчөлөргө туз чачуу иштери улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.