Парламент комитетинде "Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү" деп жарыялоо жөнүндө токтом долбоору колдоо тапты
Бүгүн, 23-декабрда парламент комитетинде март айынын үчүнчү жумасын "Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү" деп жарыялоо жөнүндө токтом долбоору каралды.
Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы депутат Айнуру Алтыбаева жасады. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков бак-даракты бул күнү эле эмес, башка күндөрү отургузуу керектигин айтты. Ал билдиргендей, бул күн бак-дарактарды отургузуу майрамы болуп эсептелет.
Жыйынтыгында депутаттар аталган токтом долбоорун колдошту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

