super.kg logo

Сот Текебаевди кийинки жылдын 29-февралына чейин үй камагында калтыруу чечимин чыгарды

 

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланууда. Отурумда судья Айнура Сатарова соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктаганына байланыштуу аны узартуу керек экендигин билдирген.

Кеңешме бөлмөсүнөн келгенден кийин судья Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калгандыгы жөнүндөгү чечимди окуду. Ошону менен Текебаев дагы, Чотонов да 2020-жылдын 29-февралына чейин үй камагында калмай болду. Бул аралыкта аларга өлкө аймагынан чыгууга, жашаган даректери боюнча кат алып, кат жөнөтүүгө тыюу салынды. Соттун чечимине нааразы болгондор " Билими жок соттор отурат", "Силер эч качан оңолбойсуңар" деп бир нече катышуучу сот залынан чыгып кетишти. Соттук иш боюнча кийинки отурум 9-январга белгиленди.

Окуянын чоо-жайы:

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.12.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
30 жылдан бери кыйратпаган Текебаев эми эмнени кыйратмак эле
23.12.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Текебаевге бул да аздык кылат. Камалып эле кетсе жакшы болмок. Ушул киши эки революцияга түздөн түз таасир эткен.
23.12.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Текебаевди саясатка жолотпогула отура берсин клеткада китеп жазып. Текебаевге окшогон эски саясатчылардан тажады. Текебаев кайрадан жомок айта баштайт.

23.12.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
robot111,
Азыр Сооронбайга окшогон адамды да бийлике жолотпош керек. Сооронбай адам деле эмес экен. Сооронбай бийликтен кетсин. Эч кимге кереги жок мындай эки жуздуу Сооронбайындын.
23.12.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
быйыл барбыкен календарды карабапмын 29 февраль ато уч торт жыл кутуп калбасын))))
23.12.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tihonkg,Бар экен болгондо да ишемби, бизде мамлекеттик кызматтар иштей беришеби ишембиде?
23.12.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сокенин козу туз эмес экен сотун кечикенине караганда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: