Өмүрбек Текебаев: "Күбөлөрдүн саясий кырдаалга байланыштуу келүүдөн баш тартканы - саясий басымдын далили"
Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум болуп өттү. Анда судья Айнура Сатарова айыпталуучулардын баш коргоо чарасын 2020-жылдын 29-февралына чейин өзгөртүүсүз калтырды.
Буга байланыштуу Өмүрбек Текебаев SUPER.KG порталына төмөнкүдөй пикирин билдирди: "Сотко УКМК берген маалымат боюнча, айыптоочу тараптын күбөлөрү "Кыргыз өлкөсүндө коомдук-саясий кырдаал өзгөрдү деп" деп келүүдөн баш тартышыптыр . Мындай себеп менен сотко барбайбыз дегендин өзү - саясий кырдаалдын таасири, анын басымы менен көрсөтмө бергендин далили болот. Ушул кырдаалдар так болгондон кийин деле сот баш коргоо чарасын өзгөртүп койсо болмок. Тилекке каршы, өзгөртүүсүз калды. Модин деген 29-августта эле Кыргыз өлкөсүнөн учуп кетиптир. 29-августта Жогорку Сот бизди чыгарган, биз чыгаарыбыз менен кечинде ал Орусияны көздөй качып кетиптир.
Бүгүн айыптоочу тараптан бир күбө - мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасынын орун басары Сүйөркул Бакиров келип, толугу менен Башкы прокуратуранын жалааларын жокко чыгарып, биздин пайдабызга көрсөтмө берди. Жөн гана сүйлөп бербестен, документтер менен далилдеп берип кетти", - деди ал.

Сооронбай дагы кетсе жакшы болот эле. Эч нерсе жасай албаган шорду экен. Чындыкты айтып чыккандарды жалган жалаа менен камап, адамдардын укугун тебелеген бийликти орнотту. Эл абдан Сооронбайдын жасап жаткан эки жуздуу ишине ото нааразы. Атамбаев ушул Сокени чон жанылыштык менен колдоп келген. Андан коро жаш бироону колдош керек болчу. Жакында Соке кетпесе элдин нааразычылыгы кучой берет.