super.kg logo

Айына 1 жарым миллион сомдон ашык. Эмманюэл Макрон президенттик пенсиядан баш тарткан алгачкы президент болуп калды

 

Франциянын президенти Эмманюэл Макрон президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин берилүүчү пенсиядан баш тартууну пландап жатат.

Батыш маалымат булактарынын маалыматына ылайык, президент мындай чечимди пенсиялык реформага байланыштуу көтөрүлүштөрдөн улам кабыл алган. Муну менен ал пенсиядан баш тарткан алгачкы президент болуп калды.

1955-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Франциянын мурдагы президенттерине өмүр бою пенсия берилет. Пенсиянын суммасы азыркы мамлекеттик кеңешчинин маянасына - 6220 еврого (481 миң 540 сом) тең.

Мындан тышкары, ал президенттер өмүр бою мүчө болуп кала турган Конституциялык кеңештин тизмесине кирүүгө ниеттенбей жатат. Конституциялык кеңештин мүчөлөрү ай сайын 13 миң 500 евро (1 миллион 45 миң 276 сом) алышат. Буга чейин кеңештин мүчөлөрүнө берилчү каражаттан мурдагы президент Франсуа Олланд баш тарткан. 2013-жылы Николя Саркози Конституциялык кеңештен чыгып кеткен.

Францияда 5-декабрдан бери нааразычылык акциясы өтүп жатат. Бийлик көптөгөн кесиптин ээлерин пенсияга эрте чыгууга жана башка жеңилдиктерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген 42 пенсиялык режимден баш тартууга ниеттенип жатат. Мунун ордуна балл менен эсептеле турган бирдиктүү систем киргизүү сунушталууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.12.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин президенттердинда ооздоруна түкүрүп коюшуң керек экен урматтуу Макарон!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: