super.kg logo

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Сауд арабиялык журналисттин окуясы. 5 айыпталуучу өлүм жазасына тартылды

 

Стамбулдун Башкы консулдугунун аймагындагы кудуктан жиликтенип табылган Сауд арабиялык журналист Жамала Хашоггинин өлүмүнө айыпталып жаткандар өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары Сауд Арабиянын Башкы прокуратурасына таянып жазып чыгышты.

Сауд Арабиясы Жамала Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө жыйынтыкталганын билдирди. Ага ылайык, 5 айыпталуучу өлүм жазасына тартылып, дагы 3 айыпталуучуну 24 жыл бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.

Жамала Хашогги акыркы жылдары АКШлык "The Washington Post" басылмасында эмгектенген. Ал Сауд Арабиясынын бийлигин сындап, Араб монархиясындагы саясий жана социалдык абалды өзгөртүү керек экендигин айтып келген.

2018-жылы 2-октябрь күнү Түркиянын укук коргоо органдары журналист Хашогги Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирип кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айтып чыгышкан. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.12.2019. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи арабтар мыкаачы калк келет окшойт.фейсбуктан жаныбарларды кыйнаган видеосун коргондон кийин дек коруп калдым арабтарды.Бирок жазага тартканы жакшы экен.Олум жазасы
24.12.2019. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Главный заказчиктер оздору пешкаларды жазалап койдубу ошондо
24.12.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Главный ким? эмне учун деген? Суроолорго жооп табылат экен арабтарда. А бизде кимге кайрылышынды да билбейсин, бириндин артында бири турат. Канчалаган кыраандарыбыз бей ажал олуп, себе и билинбей калып кетти
24.12.2019. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок жерден күнөөсүз байкуштар подстава болуп өлүп кете берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: