super.kg logo

Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо боюн таштаган келин 11 жылга эркинен ажыратылды

 

Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо боюн таштаган келин 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Ош шаардык соту соттолуучу Ч.А.ны күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Иш боюнча соттук-психиатриялык экспертизанын 2018-жылдын 23-ноябрындагы корутундусуна ылайык, соттолуучу кылмыш жасоо учурунда аффект абалында болбогондугун жана кыймыл-аракетин башкара алгандыгын, кылмышты мас абалында жасагандыгы аныкталган.

Жогорудагы өкүмгө макул болбогон соттолуучунун жактоочусу аппеляциялык тартипте даттанып, ушул жылдын 4-декабрь күнү Ош облустук сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен соттолуучу Ч.А. 11 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал жазасын аялдардын түзөтүү абагында өтөмөкчү.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2018-жылдын 6-сентябрында 40 жаштагы келин Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштап, ооруканага жеткирилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барган. Айрым күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү менен пикир келишпестиктен улам келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөндүгүн, окуя болгон күнү да спирт ичимдиктерди ичкени белгилүү болгон.

Колундагы 7 айлык баласы менен кошо секирген келинге Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылган) менен кылмыш иши козголгон. Кийин анын жолдошу да суракка алынып, ал аялы экөөнүн ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.12.2019. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өзүң өлсөн өлүп кет жаш балада эмне күнөө келесоо
24.12.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балада эмне куноо.
24.12.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы убакта чындап эле адамзат озубузду озубуз башкара албай баратабызбы же мага ошондой сезилип жатабы тообо
24.12.2019. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баласы тируу калды беле? Билгендер жазып койгулачы.
24.12.2019. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ото чон срокго? Энелик укуктан ажыратып баласын алып койсо болор эле, топтоп эле багып зектерди кобойтбой! Бизде шарт жок камакдан Адам болуп чыгып керек а бизде жырткыч болуп чыгып кайра коркунучтуу кылмыштарды жасашат
24.12.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
11жыл аябай коп,киши олтургондорго деле 11жыл берет,бул олтургон жок го,куйоосуно кандай жоопкерчилик чектелди экен?аялын жаш баласы менен тыштап басып кеткен эр соройу да камалсын.
24.12.2019. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karona12, эки үч жылга калбай чыгып кетет, эч ким сот чыгарган срогун толук өтөбөйт.
25.12.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karona12,Туура айтасыз, эркек соройду дагы жоопго тартыш керек, ушул акыбалга жеткирген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: