Дагы бир кыргыз кызы орусиялык "Лучше всех" телешоусуна катышты. "Спорттун стекинг түрү менен 7 ай алектендим", - дейт ал










Акыркы кезде Кыргыз өлкөсүнөн жаш таланттар көп чыгып, ийгилиги менен кубандырып келет. Орусиялык "Баарынан мыкты" ("Лучше всех") телешоусунун 22-декабрдагы берүүсүнө дагы бир таланттуу кызыбыз катышып, өзгөчө өнөрүн көрсөттү. Ал спорттук стекинг түрү (7 секундда бир нече атайын стаканды окшоштуруп тизип, кайра жыйнап коюу) менен көрүп да, көзүн бекитип да өнөрүн көрсөтүп, телешоунун алпаруучусу Максим Галкин жана көрүүчүлөрдүн колдоосуна татыды. SUPER.KG порталы калың журттун алкоосуна ээ болгон Альбина менен маек курду.
- Альбина, салам. Алгач өзүңдү тааныштырсаң?
- Саламатсызбы? Мен Альбина Орозакунова, 11 жаштамын. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусумун.
- Орусиялык "Баарынан мыкты" телешоусунда спорттун стекинг түрү боюнча өнөрүңдү тартууладың. Бул спорт менен качантан бери алектенип келесиң?
- Мен бир жылдай менталдык арифметика боюнча сабакка катышкам. Ал жактан директор Жакшылык Матановдон стекинг тууралуу маалымат алгам. Спорттун бул түрү мага аябай жагып, үйрөнө баштадым. Учурда стекинг менен машыгып келе жатканыма 7 ай болду. Спорттун бул түрү боюнча көп олимпиадалар өткөрүлөт. Буюрса, мартта Бишкекте чоң олимпиада өтмөкчү. Ошол жактан утушубуз керек деп аракет кылып даярданып жатабыз.
- "Баарынан мыкты" телешоусуна кантип катышып калдың?
- Инстаграм баракчама тартылган эски видеону киргизип койгон болчумун. "Баарынан мыкты" долбоорунун редактору видеону көрүп, мага байланышып, шоуго чакырды. Андан кийин бир айча дагы байланышып турдук. Андан соң бизге Москвага билет алып беришти, шоуго барып тартылып келдик.
- Долбоор эмнеси менен эсиңде калды?
- Ал жакта бири-бирине сылык-сыпаа мамиле кылган, аябай жакшы адамдар иштешет экен. Алар мага "сулуу экенсиң" деген комплимент айтышты.
- Сен шоудо элди таң калтырып, бат ылдамдыкта стакандарды тизип, кайра ордуна жыйнап койгон өнөрүң спортто кандай бааланат? Бул жаатта дүйнөлүк рекорд кандай?
- Мен программада 7 секундда кылган көрсөткүч жакшы бааланат. Дүйнөлүк рекорд учурда 4 секундду түзүп келет. Мындай жыйынтыкка алар 20 жыл бою машыгып отуруп жетишкен.
- Жакшы экен. Сен учурда "Борбор Азия талант издейт" ("Central Asia's Got Talent") долбооруна да катышып, финалда ат салышып жатасың. Ошол тууралуу айтып берсең...
- Биз командабыз менен аталган долбоорго катышып, 1-2-турда стекинг боюнча өнөрүбүздү көрсөткөнбүз. Кийинки турда кайталанбайлы деп менталдык арифметика боюнча чыктык. Буюрса, азыр финалдабыз.
- Келечекте ким болгуң келет?
- Келечекте телеалпаруучу болсом дейм. Өзүмдү теледен көргүм келет. Ал эми спорттун стекинг түрү болсо мен үчүн хобби.
Орусиянын "Лучше всех" долбооруна катышкан кыргыз кызы


1 |