super.kg logo

Оштогу балаты бийикпи же Бишкектеби? Нарындагы балаты быйыл да жүдөө эмеспи? (инфографика, сурамжылоо)

 

Аз күндөрдөн кийин 2020-жыл келет. Жаңы жылдын келиши менен көчөлөр, кеңселер үйлөр кооздолуп, өлкө майрамдык маанайга бөлөнүүдө. Мындай маанай Бишкек шаарынан тартып, бардык дубандардын борборлорунда болуп жатат. Тактап айтканда, Жаңы жылдык балатылар орнотулуп, чырактарды жандыруу иштери аягына чыкты.

SUPER.KG порталы жети облустун шаарларында Жаңы жылга карата жасалгалоого канча каражат кеткенин жарыялайт.

Бишкек шаары

Борбор калаадагы балатынын узундугу 27 метр, чырактары 13-декабрда концерттик программанын коштоосунда жандырылган. Учурда Бишкек мэриясы быйылкы балатыга коротулган акчаны эсептеп бүтө электигин айтты.

Ош шаары

Ош шаарындагы балатынын узундугу облустар боюнча эң бийик. Балатынын узундугу 30 метр болуп, жалпы жасалгалоо иштерине 973 миң сом сарпталган. Былтыр 1 миллион 525 миң сом каражат бөлүнгөн.

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаарындагы балатынын бийиктиги 28 метр. Жаңы жылдык балатыны борбордук көчөлөрдү кооздоого жана ар кандай иш-чараларга жалпы 1 миллион сом бөлүнгөн. Өткөн жылы балатыны орнотууга 1 миллион 370 миң сом кетсе, жалпы шаарды кооздоого 2 миллион 300 миң сом сарпталган.

Каракол шаары

Каракол шаарына быйыл 21 метрлик балаты орнотулду. Жасалгалоо иштерине 273 миң сом коротулганын шаардык мэриясынан билдирди. Былтыр 200 миң сом кеткен.

Нарын шаары

Былтыр Нарын шаарына орнотулган балаты катуу сынга алынган. Быйыл шаардык мэрия жаңы балаты сатып алды. Анын бийиктиги 12 метр болуп аны кооздоого 1 жарым миллион сом сарпталган. Өткөн жылы 219 миң сом жумшалган.

Баткен шаары

Баткен шаарында быйыл дагы эң арзан балаты орнотулду. Анын бийиктиги 16 метр. Ага 72 миң сом сарпталган. Былтыр 66 миң сом жумшалган.

Талас шаары

Талас шаарына быйыл 13 метрлик балаты орнотулду. Ага 151 миң сом коротулган.


кошулду





 Сиздин оюңуз 
Кайсы шаардын балатысы купулуңузга толду? (Добуш берүү токтотулган)
  • Ош шаары
    41,59% (94)
  • Нарын шаары
    22,12% (50)
  • Жалал-Абад шаары
    11,95% (27)
  • Баткен шаары
    10,18% (23)
  • Каракол шаары
    5,31% (12)
  • Бишкек шаары
    5,31% (12)
  • Талас шаары
    3,54% (8)
  • Жалпы добуш: 226
    Добуш берүү үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Балатылар парады: Кайсы шаарга канча сомдук балаты орнотулду?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(75)
26.12.2019. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жаны жылынар менен. Жаны жылды жакшы тосуп алалык. Чардагыла, ырдагыла, кулгуло, шампанскийден болушунча аттыргыла.
28.12.2019. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhaku2017,мас болуп бирин башын бирин жаргыла деп койсон)
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: