super.kg logo

"Желек менен герб коюп койсо эле бөлмө сот залына айланып калмак беле?". Жактоочу Батукаевдин иши боюнча соттук отурум өткөн бөлмөнүн шарты тууралуу айтты

 

Бүгүн, 24-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум УКМКнын имаратында болуп өттү. Буга чейин отурумга жактоочулар гана кирип, башка катышуучулар жана журналисттер сыртта күтүп турганы айтылган. 2 саатка созулган отурумдан чыккан жактоочу Сергей Слесарёв Алмазбек Атамбаев отурумга катышкандыгын жана анын ден соолугу жакшы экенин айтты. Мындан тышкары, жактоочу соттук отурум өткөн бөлмөнүн шарты тууралуу айтып, нааразычылыгын билдирди.

"Соттук отурумда өтүнмөлөр тууралуу маселелер чечилип жатты. Алардын ичинде соттук отурумду нормалдуу шарты бар Биринчи Май райондук сотунда өткөрүү каралды. Тилекке каршы, сот андан баш тартты. Отурум өткөн жердин шарты санитардык дагы, медициналык дагы нормаларга төп келбейт. Анын ичи юридикалык нормаларга дагы жооп бербейт. Элестетип көргүлө, 12-15 чарчы метр болгон бөлмөдө 18 адам отурду. Мен сотко "Кыргыз өлкөсүнүн желеги менен гербин коюп койсо эле, бул бөлмө сот залы болуп калбашын" айттым. Ушуларга жана башка себептерге байланыштуу өтүнмө киргизилген. Белгилүү болгондой эле, сот отурумду Биринчи Май райондук сотунда өткөрүү боюнча өтүнмөдөн баш тартты. Мындан тышкары, Атамбаевдин катышуусу жок эле өткөрүү боюнча дагы өтүнмө киргизилди. Анын бул чечимин мурдатан эле билдирип келебиз. Бирок сот бул өтүнмөдөн дагы баш тартты. Мындан кийин Атамбаев бөлмөдөн чыгып кетти. Ал суроолорго жооп берген жок. Сот отурумду УКМКда өткөрүү чечими Алмазбек Шаршеновичтин жана башка катышуучулардын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын айтты. Бирок мен мамлекеттик айыптоочулардан башкасынан отурумдун бул жакта өтүшүн жактырып жатканын көргөн жокмун", - деди жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
24.12.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
СорГонбай каякта откор десе ошол жакта отот да
24.12.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altyn.bala,Атамбаев бир эле Батукаевди мыйзамсыз бошотуу үчүн дагы көптөгөн кылмыш иштери бар ошолор боюнча да айыпталып сотсуз камалып кетсин өмүр бою.
24.12.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев Батукаевди бошотуп, Кыргызстанды дүйнө элине шылдың кылды. Биздин мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирди. Башка мамлекеттерге бизде мыйзам иштебей эле акча маанилүү ролду ойной турганын далилдеди. Убагында Батукаев деле кыргыз бийлигин теңине алган эмес. Тоготуп дагы койгон жок. Ошонун кесепетинен биздин аткаминерлерди кызылдай акчага сатып алып, адамдардын коштоосунда өлкөдөн чыгып кетти.
24.12.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Слесарев озу да билбейт мыйзамды.
24.12.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кадамы менен Атамбаев атайын сот ишин создуктуруп жатат, соттолуп кетуудон коркуп жатат. Себеби куболор баары буга чейин бир добуштан Атамбаев буйрук берген деп корсотмо беришкен.
24.12.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев наздангандыктан мен бара албайм уялып жатам деп ушул жакта болуп жатат го.
24.12.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акаев, Бакиев президент болуп турганда дагы Батукаевди бошотуу боюнча ири суммалар сунушталып, бирок кылмышкер бошотулган эмес. Кримтөбөлдүн ишинде миллиондогон кызылдай акчалар маанилүү ролду ойногондуктан Атамбаев баарына кайыл болуп, бошотуп жиберишти. Батукаев чындап эле оорулуу болгон күндө да түрмөдөн дароо чыгаруу мүмкүн эмес болчу. Ал деген кыргыздын бир катар чиновниктерин жок кылган канкор киши. Аны абакта кармоо дагы аздык кылат болчу. Эгер оорулуу деп бошотсо, биздин абакта жаткан ан
24.12.2019. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ашабек ооруй баштаптырда абалы начарлап. Биздин Крны бүт оорукчандар башкарат өзү.
24.12.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША Канкордун шылтоосу түгөнбөдү го
24.12.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткуаев биздин патриот жигиттерди олтургон.Озу олтуролбайт болчууу биздин бийлик жардам берген ошондо кантип турмодо курал болушуумумкун.АТТИН БАЯМАН АЛМАНБЕТ РЫСПЕК ушулардын жоктугуу болбосо давно кармап келдиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: