super.kg logo

Өзгөндө 22 жаштагы небере чоң энесин бычак менен сайып, качып кеткен. Шектүү изделүүдө

 

Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесин бычак менен сайып, качып кеткен 22 жаштагы небере изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү болжол менен саат 10:33 чамасында Өзгөн аймактык ооруканасынан Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн шаарынын 70 жаштагы аял киши учтуу буюм менен денесинен жаракат алганы айтылган.

"Өзгөн РИИБинин ыкчам-тергөө тобу тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда окуя 12-декабрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында болгону аныкталган. 70 жаштагы М.А. аттуу аялды өзүнүн 22 жаштагы небереси эч себепсиз ашканадагы бычак менен көкүрөк тарабына бир жолу сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жабырлануучу алган жаракатынан улам Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ага операция жасалып, хирургия бөлүмүндө дарыланууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.12.2019. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызга Аллахым ыйман бере көр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: