super.kg logo

Ошто үй-бүлө мүчөлөрүн тоноп, короодо токтоп турган унааны айдап кеткен кылмыштуу топ кармалды

 

Каракчылык кылып жүргөн чет өлкөлүк кылмыштуу топтун бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрдан 21-ноябрга караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургунунун үйүнө белгисиз жарандар киришкен. Алар бет кап кийип, үй-бүлөнүн ээсине зомбулук көрсөтүшкөн. Андан соң ага бычак такап, акча талап кылышкан.

"Алар үйдөн 17 миң сом акча, алтын чынжырча менен шакек жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык телефондорун алып, короодо токтоп турган Хонда СРВ үлгүсүндөгү унааны айдап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Натыйжада жабырлануучу жаракат алып, үй-бүлө материалдык зыянга учураган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ош ОИИБинин кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде, Өзбекстан Республикасынын 26 жаштагы жараны В.А. кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, далил катары уурдалган буюмдар алынган. Ал эми бул кылмышка тиешеси бар башка шектүү жарандарды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.12.2019. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чек араны дагы жалжайтап ачып койсонор Ош эмес Бишкектин жаңы конуштарында жайнап жүрүшөт өзбектерин караган эч ким жокпу мен мент болгондо ......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: