super.kg logo

Жеки Чан тасма тартуу учурунда аз жерден каза болуп кала жаздады

 

Белгилүү киноактёр Жеки Чан "Авангард" тасмасын тартуу учурунда аз жерден каза болуп кала жаздады. Бул тууралуу Пекиндеги маалымат жыйында айтышкан.

Актёрдун айтымына караганда, тасма талаасында гидроциклон картинасын тартуу учурунда ал асканын алдында тузакка түшүп калган. Ал жактан чыга албай, чөгүп кете жаздаган. Бирок ал эмоцияга алдырбай, тынч турууга аракет жасаган. Бул анын сууга калкып чыгып, аман калышына чоң көмөкчү болгон.

"Кечке маал жуунуп жатып, болуп өткөн окуяны эстеп алып, титирей баштадым. Чынында коркуп калыпмын. Мен ушундай эле оңой өлүп каламбы деп ойлоп да кеттим", - деген Жеки Чан.

Тасманын режиссёру Стэнли Тонг "тасманы тартуу учурунда Чан суудан чыкканча аябай кабатырландым, качан гана аны тирүү көргөндө кубанычтан көз жашымды тыя албадым", - деген.

"Авангард" тасмасы эл аралык кылмышкерлердин уюшкан тобу барымтага алган адамдарды куткаруучу күзөт кызматкерлери тууралуу баяндайт. Бул тасма Чан менен Тонгдун бирге тартып жаткан 9-картинасы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.12.2019. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Сүйүктүү актер бала кезибизден бери!!! Аман калганы жакшы болуптур!!!
24.12.2019. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Бул өлбөйт оңой менен)))
24.12.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми бир топ картайып калды, мушташкан, секирген, коркунучтуу трюктарды аткарбай эле женил ролдор менен сценарий жазып, андан коро окуучуларды чыгарса болмок.
24.12.2019. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кой Жеки брат, олбой тур. Барып колунду бир кармап алганча....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: