Оштун айрым айылдарында калыңдыгы 1 жарым метрге жеткен кар жаады





Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1 метрден ашуун кар жаады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, тынбай жааган кардын кесепетинен Кара-Кулжа - Алайкуу жолу 23-декабрда жабылган.
"Бизге көнүмүш болгон "Жол азабы, көр азабы" башталды. Кечээ, 23-декабрдан бери Кара-Кулжа - Алайкуу жолу жабык. Алайкуу, Сары-Бээ, Кара-Таш айылдарында 1 жарым метр кар түштү. Чалма айылынан нары, Ой-Талдан бери эки техника иштеп жатат. ДЭУнун жетекчиси менен тез-тез сүйлөшүп жатам. Азыркы убакта жолдо 4 техника иштеп жатыптыр. Түндө Тамчы жолун ачышты, бирок шамал токтобогондуктан, бурганак жолго кар үйлөп жатат. Кечке чейин, буюрса, жол ачылат деп убада кылышты. Жол ачылганча жолго чыкпай туруңуздар туугандар!" - деп жазган ал.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, кардын калың жааганына байланыштуу жолдордо кар көчкү түшкөн.
"23-декабрь күнү саат 17:45 чамасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-85-чакырымында, тагыраагы, Тамчыда үч жерге жалпы көлөмү болжол менен 5900 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок", - деп кабарлайт.


Туура айтасын