Жол киресин жоготуп алган окуучу калп айтканбы? Бишкек мэриясы окуянын жаңы жагдайларын айтты
Бишкекте акчасын жоготуп алган окуучуну автобустун айдоочусу урушуп, аялдамадан түшүрбөй койду деген окуянын чоо-жайы аныкталды. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан бүгүн, 24-декабрда айдоочу окуучуну урушпаганын билдирди.
"Өткөн аптада шаар тургунунан арыз түшкөн. Анда №7 багытындагы автобустун айдоочусу 11 жаштагы окуучуну жол кире төлөбөгөндүгү үчүн аялдамадан түшүрбөй, шаар четинен түшүрүп койгон. Мындан улам окуучу суукта жөө келүүгө аргасыз болгонун айткан.
Бул окуя териштирүүгө алынып, автобустун айдоочусу Т. Сатыбалдиев экендиги аныкталган. Милиция кызматкерлери менен биргеликте бул окуяны териштирүү үчүн окуучу менен апасын чакырганбыз. Автобустун ичиндеги видеожазууну дагы алганбыз. Алынган видеону кароодо айдоочу окуучуну урушпаганы, анын укугун бузбаганы аныкталды. Белгилүү болгондой, окуучу аялдамадан (акыркы аялдама) түшпөй, автобустун кийинки каттамы менен кетип калган. Бир нече убакыттан кийин ал жол киресин жоготуп алганын айткан. Айдоочу окуучудан жол кирени бер деп талап кылган эмес. Ошондон кийин бала жакынкы аялдаманын биринен түшүп калган.
11 жаштагы окуучунун апасы Я.Т. айдоочудан кечирим сурап, айдоочуга эч кандай нааразычылыгы жок экенин билдирди. Ошондой эле ал видеожазууну, сүрөттөрдү жарыялабоону өтүндү. Айдоочу мындан ары ишин улантат", - деди басма сөз кызматынан.
Бишкек мэриясы ата-энелерден алгач окуянын чоо-жайын билип алуусун андан кийин арызданууга чакырат.
Окуя 20-декабрда болуп, 21-декабрда жогорудагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
1

Комментарийлер(4)
oscar

24.12.2019. 19:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо да
Kuttubek8483

25.12.2019. 00:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйкат бар экенго. Жок жерден айдочуну кунолу кылыш кан.
katerina.li

25.12.2019. 09:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Откондо каргап эле жатып калдынар элего,менден башканар
arimaz89

25.12.2019. 11:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
katerina.li,кыргыздар оомо калкпыз да. Чын-бышыгын билбей эле, "а" деген жакка асыла беребиз...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.