super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Эгерде сиз журналисттин ордунда болсоңуз, эртең мамлекет башчыга кандай суроо узатмаксыз? Сурабалдиева: "Сексуалдык ыдык көргөзүүгө каршы мыйзамды парламентке алып киребиз десек, кээ бир эркек депутаттарыбыз колдобойбуз деп жатышат"

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны эртең, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Бул иш-чара жылына бир эле жолу болгону үчүн медиа өкүлдөрү күткөн окуялардын сап башында турат.

SUPER.KG порталы "Президент эртең жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берет. Эгерде сиз журналисттин ордунда болсоңуз, мамлекет башчыга кандай суроо узатмаксыз?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сексуалдык ыдык көргөзүүгө каршы мыйзамды кээ бир эркек депутаттар колдобой жатышкандарын айтты.

"Сексуалдык асылуу, ыдык көргөзүүгө каршы мыйзамды парламентке алып киребиз десек, кээ бир эркек депутаттарыбыз колдобойбуз деп жатышат. Иштеген, окуган айымдарды колдоо үчүн мыйзамга президент катары кол коёт белеңиз? Эркек депутаттар эгер бул мыйзамды колдосок, эки аял алууга жол бересиңер деп тамашалап башташты. Президент эгер ооба, колдойм деп үн катса, көпчүлүк каршы чыкпашына ишенем", - дейт Сурабалдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: