super.kg logo

Чүйдө күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүн сайган. Жубайлар үч жылдан бери чогуу жашап, эки баланы тарбиялап келишкен

 

Чүйдүн Аламүдүн районунда жубайлардын ортосунда чыккан чыр өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-декабрь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Беш-Күңгөй айылында жайгашкан аскердик госпиталга аял киши бычактан алган жарааты менен келип түшкөнү боюнча кабарланган.

Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жабырлануучу 24 жаштагы Ы.П. аттуу келин экенин аныкташкан. Ал алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "адам өлтүрүү" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ошол эле күнү саат 21:20 чамасында Арашан айылдык ооруканасына бычактан жаракат алган эркек киши келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өзүнө өзү бычак сайган. Ыкчам топ аталган жерге барып, ал 28 жаштагы Ч.Р. аттуу жаран экенин аныкташкан. Сотко чейинки өндүрүштө бул каза болгон келин менен эркек киши жубайлар болгонун аныкташкан. Алар 3 жылдан бери чогуу жашап, 2 баланы тарбиялап келишкен. Окуя болгон күнү күйөөсү менен аялы уруша кетишип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө бычак сайганы белгилүү болгон.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.12.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кап жаман иш болуптур, 2 бала эмне болот экен эми. Кызганычтан да болушу мумкун
25.12.2019. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо ушул такталган маалыматпы? Бул жерде кууйосу, аялы урушкан эмес. Айылда сатылган топурактын акчасын жеп коюшуп, каза болгон балага туртуп коюшкан, подстава
30.12.2019. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aliya2015, мен дагы ушундай деп уктум. 6 баланын аты жүрөтго, ватцапта...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: