Абайлагыла тайгалак! Бишкекте бир ай аралыгында 267 адам травматология бөлүмүнө кайрылды
Бишкекте бир ай аралыгында шаардык травматология бөлүмүнө 267 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 27-ноябрдан 24-декабрга чейин шаардык травматология бөлүмүнө 267 киши кайрылган. Алардын көчүлүгү жолдон тайгаланып, жаракат алгандар. Алардын ичинен 91 адам жамбаш сөөгүнөн сынык алса, 44 адам тизеден ылдыйкы бөлүктөн сынык алган. Ошондой эле 132 жаран жеңил жаракаттарды алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:52
2025-09-13

19:00
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.