Америкалык жаран 9 доллар уурдаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган
Америкалык Вилли Симмонс 9 доллар уурдаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Алабама штатынын жашоочусу Симмонс 1982-жылы 9 доллар уурдагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал азыркы убакытта түрмөдө 38-жылын өткөрүүдө. Симмонс тууралуу америкалык журналисттер жазып чыгышкан. Алабама штатында экинчи жолу түрмөгө түшкөндөргө узак мөөнөт бериле турган мыйзам 1977-жылы кабыл алынган. Симмонс биринчи жолу түрмөгө бир жыл отурган, экинчи жолу 25 жашында түрмөгө түшкөндө ал өмүр бою эркинен ажыратылган.
Симмонс түрмөдө канча жыл отурганын өзү унутуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Мин сом урдо - бул бизнес.
Миллион сом урдо - бул саясат.