super.kg logo

Орусияда адам өлтүрүү, уурулук, каракчылык, опузалап талап кылуу боюнча издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары кармалды

 

Орусияда издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин криминалдык милиция кызматкерлери Кыргыз өлкөсүндө кылмыш жасаган жарандарды издөө үчүн Орусияга барышкан.

Ыкчам жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында адам өлтүрүү, опузалап талап кылуу, уурулук жана бейбаштык фактылары боюнча изделип жаткан 22 жаранды аныкташкан. Алардын ичинен 10у Орусияда жазасын өтөп жатканы аныкталган.

Аты-жөнү аныкталган жарандар:

"адам өлтүрүү" 1986-жылы туулган С.М. жана 1984-жылы туулган М.И.

"каракчылык" 1978-жылы туулган А.А.

"опузалап талап кылуу" 1990-жылы туулган А.Н.

"уурулук" 1994-жылы туулган У.Э.

"унаа уурдоо" 1979-жылы туулган Б.Б.

"бейбаштык" 1987-жылы туулган С.К. жана 1985-жылы туулган А.К.

"абактан качып кетүү" 1978-жылы туулган Т.А. жана 1984-жылы туулган Б.А.

Орусияда убактылуу кармоочу жайга кармалгандар: Алар жакынкы күндөрү экстрадицияланышат.

"каракчылык" 1983-жылы туулган А.С. менен 1990-жылы туулган Ж.О.

"ден соолукка зыян келтирүү" 1995-жылы туулган Э.Б.

"уурулук" 1965-жылы туулган Д.А. менен 1999-жылы туулган М.Э.

"алдамчылык" 1967-жылы туулган Р.Г., 1976-жылы туулган А.А., 1985-жылы туулган М.А., 1975-жылы туулган А.Д. жана 1990-жылы туулган Э.Ж.

Ошондой эле оор кылмыш жасап, издөөдө жүргөн эки Кыргыз жараны Орусияда каза болгону аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.12.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кошмар, бул нерсени коруп Кыргыздын баары эле криминалист болуп кеткенби деген ой келет экен. Жолук салынып, былык жумуш жасап жургон аялга соз жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: