super.kg logo

Убактылуу берилген айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү узартылды

 

2019-жылдын 10-июнунан 31-декабрга чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өкмөттүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 499-р буйругунун негизинде, 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды. Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат. Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М.Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан №4 калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: