super.kg logo

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: "Футбол борборун куруу үчүн беш фракциянын, көп комиссиянын чечими чыккан"

 

"Футбол борборун куруу үчүн беш фракциянын, көп комиссиянын чечими чыккан". Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Русланбек Жакышов билдирди.

Кечээ, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып, бирок аягына чыкпай калган. Бул маселени кароо бүгүн, 26-декабрда саат 11:00дө улантылат.

"Футбол борборунун курулушу биздин жаштар үчүн, шаар үчүн болуп көрбөгөндөй окуя болмок. Эгер бул борбор шаарыбыздын аймагына курулуп калса, өлкө үчүн да эң чоң тарыхый окуяга айланмак. Ачыгын айтканда, мындай имарат акыркы 30 жылда бизде салына элек. Курулушка өтө чоң суммадагы акча, 10 миллион доллар келип жатат. Биз жакында эле ар бир фракциядан бирден депутат Баку, Алматы шаарларында болдук. Алардын комплекстерин көрүп, ичибиз ачышты. "Эмнеге мындай имарат Кыргыз мамлекетинде болбошу керек?" деген ойго чөмүлдүм. Алыс албай эле Алматыны алсак, алар жомоктогудай футболдук академия салышыптыр. Ташкент андан чоң 37 гектар жерге спорт комплекс курушуптур. Бизде ушундай долбоордун ишке ашпаганы өкүндүрүп жатат", - деди Жакышов.

Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: