Футбол борборун куруу үчүн жер тилке бөлүү каралмак. Бирок Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга келе элек







Кечээ, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып, бирок аягына чыкпай калган. Бул маселени кароо бүгүн, 26-декабрда саат 11:00дө улантылмай болгон.
Бирок белгиленген убакытта жыйынга депутаттардын көбү келе элек. Саат 11ге болгону 18 депутат каттоодон өттү. Кворумдун башталуусу үчүн кеминде 23 эл өкүлү болуусу шарт. Окуяны чагылдырууга келген журналисттер күтүп отурушат.
Эгерде футболдук борбор үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси чечилбесе, ФИФА бөлө турган гранттык каражаттан Кыргыз өлкөсү кол жууйт. Футболдук борборду курууга жалпы 10 миллион долларга чукул каражат бөлүнөрү федерация тарабынан айтылган.
Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.






1 |