super.kg logo

Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу агенттиктин жетекчиси киши колдуу каза болду

 

Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин жетекчисин атып кетти. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Кырсык кечээ, 25-декабрда Озгур айылынын Кулматов көчөсүндөгү №83 үйдө орун алган.

"Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" кызматы тарабынан саат 20:20да 35 жаштагы Сапар Бакыевдин жансыз денеси ооруканага алынып келгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Маркумдун денесин кароо учурунда башынын арка тарабына ок тийип, мурун тарабынан чыгып кеткен изи аныкталган. Каза болгон жарандын жашаган үйүн кароо учурунда сарайдын алдында уюган кандын жана андан төрт метр алыс жерде белгисиз октун гильзасы табылган.

Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет маалымат кызматынан.

Маркум Сапар Бакыев 1984-жылы туулган. Үй бүлөлүү, эки уулдун атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.12.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын адамдардын пейили ушунчалык бузулду
26.12.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан жаткан жерин жайлуу топурагын торко кылсын.
26.12.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бироо кызматын талашып олтуруп кетти окшойт
26.12.2019. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне деген заман,? Кандай адамдар Кудайдан коркпой ушундай кадамга барышат экен? Балдарына жалко атасыз жаш калышты. Болгондо да чырактай эгиз балдары бар болчу...Аллахым бейиштен жай берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: