Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров: "Сессиянын башталуусу кечигип жатат. Жыйын башталса тыныгуусуз иштейбиз"

Кечээ, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып, бирок аягына чыкпай калган. Бул маселени кароо бүгүн, 26-декабрда саат 11:00дө улантылмай болгон.
Бирок белгиленген убакытта жыйынга депутаттар келген жок. Окуяны чагылдырууга келген журналисттер дале күтүп отурушат.
Жыйындын кечигүүсү боюнча Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров комментарий берди. "Азыр кворум болду. Шаар башчы Азиз Суракматов президенттик балаты майрамында жүрөт. Шаардык кеңештин депутаттары учурда футбол борборун курууга жер тилкесин бөлүү маселесин талкуулап жатышат. Аны мыйзам чегинде кандай чечүүгө боло турганын, жолдорун издеп жатабыз. Ооба, сессиянын башталуусу кечигип жатат. Мындан улам азыр жыйын башталса, тыныгуусуз иштейбиз го", - деди Абиров.
Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.



1 |