Актриса Мадина Талипбек АКШда актёрдук чеберчилигин жогорулатат






"Делбирим" кыргыз-өзбек тасмасындагы ролу менен таанылган актриса Мадина Талипбек учурда АКШда жүрөт. Ал эс алуу менен бирге актёрдук чеберчилигин өстүрүү үчүн кеткенин бир тууганы, ырчы Чолпон Талипбек билдирди.
"Сиңдилеримдин бири Медина Талипбек окуу үчүн 2 жылга АКШга кеткен. Ал эми Мадина Талипбек учурда тыныгууда. Мындан улам ал Медина менен жолугуп, эс алуу үчүн Кошмо штаттарына барды. Эс алуудан тышкары Мадина Талипбек бир нече ай бою актёрдук чеберчилигин өстүрүү үчүн ийримге барат. Буюрса, кайра келип долбоорлорго, тасмаларга тартылууну улантат", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

деп жыланачтанып чыкпай...чыкпагыла!!!