super.kg logo

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2019: Бактысын таап, түбөлүккө кол кармашкан жылдыздар

 

2019-жыл жыйынтыкталар алдында SUPER.KG порталы кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрүнүн арасынан өз бактысын тапкандарды чогултуп чыкты. Доңуз жылы бул жаатта жылдыздар үчүн берекелүү болгонун төмөндөн көрөсүздөр.

2019-жылы бойдокчулук менен коштошуу жөрөлгөсүн шоумен, тамада Урмат Борченов баштап берди. Ал авиакомпаниялардын биринде стюардесса болуп иштеген Асел аттуу бийкечке баш кошкон.

Февраль айында ырчы Кыздаркан Келдибекова турмушка чыккан.

"Жолдошум Эсен менен Ош шаарынан таанышып, 4 жылдай кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Ал мамлекеттик кызматта иштейт" , - деген ырчы.

21-апрелде Ош шаарында "Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, ырчы Айтурган Эрмекованын үлпөт тою өткөн. Ал сүйүктүүсү Дамир мырзага Жаңы жылда турмушка чыкканы маалым болгон.

2019-жыл Аваз Акимов менен Айдана Деканын тою менен эсте калды көрүнөт. Анткени алар алгач Ошто, андан кийин Бишкекте үлпөт тоюн өткөрүшкөн.

10-март күнү Айдана Деканын кыз узатуу тою Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.

Андан соң Аваз Акимов үйлөнүү тоюн Ош шаарында өткөрүп, тойдо Айдана 3 ирет үлпөт көйнөгүн алмаштырганга үлгүргөн.

Тойдун 3-бөлүгү 26-март күнү жыйынтыкталып, ырчылар жаштарга арналган үйлөнүү тоюн Бишкектеги тойканалардын биринде өткөрүшкөн. Той эки жаштын ак бийи, Айдананын жолдошуна арнаган бийи менен эсте калган.

2019-жыл ырчы Бурул Арунова үчүн да ийгиликтүү болду. Анткени ал доңуз жылында турмуш жолуна аттанды.

"Жолдошумдун аты Эрнис, Кочкор районунан болот. Жашыбыз тең. Экөөбүз таанышкандан кийин Эрнис 2 жыл артымдан чуркады. Сүйүүсүн арнап, өзүнүн жакшы сапаттары менен жүрөгүмдү багындырган соң мамилебиз тойго жетип, 25-апрелде менин кыз узатуу тоюм, 2-майда үлпөт тоюбуз болду", - деген ал.

Кыргыз шоу-чөйрөсүндө кыз-жигит катары 9 жыл сүйлөшүп, рекорд койгон ырчы, "Non-Stop" дуэтинин мурунку солисти Максат Садырбеков сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиевага 6-июнда баш кошкон.

Максат Садырбеков жыл башында Айсулуунун туулган күнүндө тамаша уюштуруп, колун сураган.

29-июлда ырчы Назгүл Токтакунованын турмушка чыкканы маалым болгон. Ал күтүлбөгөн жерден жигити, музыкант Кубаныч Бакытов ала качып кеткенин айткан.

Эки жаш заманбап тоюн 13-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөргөн.

28-октябрь күнү "План Б", "Симулянттар", "ЖинМЭН", "Напарниктер" тасмаларында роль жараткан актриса жана бийчи Назбийке Айдарованын кыз узатуу тою өтүп, ал сүйүктүүсү "Тумар КР" тобунун мурунку бийчиси Саламат Абдырахмановго турмушка чыккан.

2019-жылы актёр Рүстөм Аскенов да бойдокчулук менен коштошту. Ал Гүлзада аттуу Таластын кызына баш кошкон.

Ырчы Ильгиз Абдалиев 23-ноябрь күнү Назима аттуу бийкечке баш кошуп, бир башын эки кылган.

Коомчулукка "Периштем" аттуу ыры менен таанылган Ислам Акматов да доңуз жылы бактысын таап, сүйүктүүсүнө баш кошкон.

"Жылаңач баатыр" реалити-шоусунун катышуучусу Нуркыз Кожонова долбоордон келери менен сүйлөшкөн жигити ырчы кызды колдон чыгарып албайын дегенби, айтор, колун сураган. Эки жаштын тою 28-ноябрь күнү Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.

"Мен бул жылды 30 жыл күткөм" деген актёр, телеалпаруучу Эркин Усенбаевдин көптөн күткөн, кыялданган тилеги 2019-жылы ишке ашып, сүйүктүүсү Ажара Шайыковага үйлөнгөн.

Доңуз жылы "Жылаңач баатыр" реалити-шоусунун дагы бир катышуучусу, финалисти ырчы Кудайберди Айтбосунов үчүн да ийгиликтүү болду. Ал 4-ноябрда Айчүрөк аттуу сулууга баш кошкон.

"Апама окшош кыз издечүмүн, акыры таптым", - деген Кудайберди.

2019-жылы үй-бүлө күткөндөрдүн тизмесин ырчы Азат Болотбек жыйынтыктап берди. Анын тою өзгөчө өткөнү менен да эсте калды. Ал кыргызга адат болуп калган шаблондуу тойдон качып, чет өлкөдө круиздик кемеде жакындарынын курчоосунда үйлөнүү тоюн өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.12.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ислам Акматовдун келинчеги аябай сулуу экен!
30.12.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kairhai,))мен да ошону жазайын дегем))көрүп алып чоочуп кеттим го))
30.12.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлонду деген бироо жалгыз эле отурат го, же аялы фотоаппараттан корко бекен?
30.12.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,ал сүрөттү кыркып салыптыр,бир кишинин сүрөтү бар эле
31.12.2019. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильгиз Абдалиев менен Назима бактылуу жубайлар экен. Бири-бирине топ келип турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: