Салык кызматы 2 миңден ашуун унаа ээлерине айып салды
Үч айдын ичинде унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 2 миңден ашуун унаа ээлерине айып салынды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Мамлекеттик салык кызматы үч айдын ичинде сентябрдан-ноябрга чейин рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң 397 унаа ээлерин административдик айыпка тартты. Анын ичинен 2 миң 125 адам салыкты жеринде (банктар, терминалдар, мобилдик банкинг аркылуу) төлөгөн.
Мындан тышкары, бул мезгилде 628 миллион 5 миң сом суммасында жергиликтүү салыктар чогултулган. Анын 182,1 миллион сому транспорт салыгы, 171 миллион 6 миң сом – кыймылсыз мүлк салыгы, 274 миллион 8 миң сом жер салыгы, анын ичинен 34 миллион 2 миң сом короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы.
Маалым болгондой, унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.








1 |