Футбол борборуна Бишкектен жер тилкесин бөлүү боюнча жыйын башталды. Мэр келе элек

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кечээ, 26-декабрда футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүү маселесин кароону бүгүнкүгө калтырышкан болчу. Жыйын эртең мененки саат 9га белгиленген. Бирок белгиленген убакытта отурум башталган эмес. Сессия саат 12:30да мэр Азиз Суракматовдун катышуусуз башталды.
Шаардык кеңештин депутаттары чечим мэрияда калганын, бөлүнгөн жер тилкесинин юридикалык жагын карап жатканын билдиришкен. Буга чейин сессиянын башталбай жатканын шаардык кеңештин депутаттары мэр балаты майрамында болгондугуна байланыштырып жатышкан. Бирок учурда жыйын мэрдин катышуусуз өтүп жатат.
"Республика-Ата-Журт" фракциянын лидери Асылбек Кадралиев бүгүнкү жыйында дагы шаардык кеңештин депутаттарында күнөө жок экенин белгилеп өттү. Айтымында, алар үч күндөн бери бул маселе чечилүүсүн талап кылып, үч күндөн бери учурунда келип жатышат.





1 |