Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. 3-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. ӨКМнын маалымат кызматы бир аптага күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
29-декабрда күндүз жана 30-декабрда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот, тоолуу аймактардагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
31-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
2-3-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.



