super.kg logo

Мурда дагы соттолгон. Сузакта мал жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уурулукка шектелип, мурда соттолгон 3 адам кармалды. Алар жалпысынан 260 миң сомго мал жана баалуу буюмдарды уурдаганын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлады.

13-ноябрда Сузак районунун 47 жаштагы тургуну райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, үйүнүн короосунан 150 миң сомдук (базар баасы) жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин айткан. Мындан сырткары, ноябрь айында 8 жаран укук коргоо кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Алар мал жандыктарын, телефондорун, зер буюмдарын жана накталай акчаларын белгисиз кылмышкерлерге уурдатып жибергендигин айтышкан. Бул уурулуктун суммасы 110 миң сомду түзгөн.

"Жогорудагы фактылардын бардыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 3 жаран кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар:

- Сузак районунун 1979-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну. Ал мурда "уурулук" жана "тоноо" беренелери менен соттолгон;

- Сузак районунун 1994-жылы туулган Б.Ч. аттуу тургуну. Ал буга чейин "уурулук", "мал уурдоо" жана "каракчылык" беренелери менен соттолгон;

- Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган С.М. аттуу тургуну. Ал мурда "каракчылык" беренеси менен соттолгон.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги териштирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.12.2019. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урунарга тоо таппай урушарга жоо таппай турган кезинер экен. Кучунорду адал эмгекке коротпойсунаибы? Ууру кылгандарды кытайдагыдай эле колун кесип салыш керек
28.12.2019. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдорун кесип салыш керек!
Bekturbek түзөттү 2019-12-28 00:07:33
29.12.2019. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О түрү сууктар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: