Футбол борбору үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси карала турган жыйынды кийинки жылга жылдыруу боюнча 21 депутат макулдугун берген

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек мэриясында шаардык кеңештин депутаттары Футбол борборун куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү маселесин карашмак. Бирок бүгүн да бул маселе боюнча чечим чыкпай, кийинки жыйын 14-январга жылды.
Жыйынды жылдырууга жалпы 35 депутаттын 21 депутаты "макул" деп добуш берген, 11 депутат "каршы" деген. Футбол федерациянын айтымында, ФИФА грант бербей коюшу толук мүмкүн.
Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.




Бул чимкириктердин жетеси (жети ата теги) эч нерсе көрүшкөн эмес! Ошондуктан булар жүргөн жерлер жылан сыйпагансып куру жалак болот.