Депутат мектептен 100 метр аралыкта турган майда соода түйүндөрүндө тамеки сатылбашы керектигин айтты
Депутат Кожобек Рыспаев мектептен 100 метр аралыкта турган майда соода түйүндөрүндө тамеки сатылбашы керектигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 27-декабрда парламенттик угууда айтканын парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарандардын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш депутаттарынын тобу тарабынан даярдалган. Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан соң, бардык сунуш – пикирлер эске алынды. Өкмөт да мыйзам долбоорунун концепциясына оң корутундусун берген. Долбоордо аэропортто атайын чылым чегүүчү жай негизги имараттан тышкары жерде болушу керектиги белгиленген.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Айнуру Алтыбаева: "Мамлекет тамеки продукцияларынын акциз салыктарынан 5 миллиард сомдон ашык каражат тапканы менен, ошол чылым чегүүнүн кесепетинен жаралган ооруларды дарылоого бюджет кайра дээрлик 2 эсеге жакын, же тактай келгенде 11 миллиард сом бөлүп берүүдө. Мындай парадокстун эмне кереги бар? Ошондуктан фискалдык саясатты кайра карап чыгуу керек”, - дейт.



