super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө өкмөт берген үйдүн көрүнүшү (сүрөт, видео)

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай берилген.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 миллион сом бөлүү чечимин чыгарган болчу.

Бийлик тарабынан берилген үй тууралуу маркум Равшан Муминовдун бир тууган агасы Хасанбай Муминов инисине берилген турак үчүн кубанып жатканын SUPER.KG порталына айтып берди. Ал инисинин артында калган балдары үчүн санаа тартып келгенин жашырган жок.

"Берилген турак жайда инимдин артында калган үй-бүлөсү учурда жашап жатат. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, бийликке жана элге рахмат айтам. Инимдин үй-бүлөсү үчүн санаа тартып келдим эле. Бир маселеси чечилгенине жетине албай кубанып турам", - деди ал.

Ал эми маркумдун жубайы Мухаё Муминова өкмөт тарабынан берилген үйгө кечээ, 27-декабрда көчүп киришкенин билдирген болчу.






Маркум Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө өкмөт берген үйдүн көрүнүшү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(5)
28.12.2019. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Мейли насип кылсын ! Жакынын жоготуу деген эң жаман баарыбыз үчүн!!!!
28.12.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Канча адамдар олуп кетип атат. Бейишин берсин. Туугандары корсун жыргалын. Рахмат окмотко ошону берген. Болбосо милдети. Кылган ишине айлык алган десе деле жарашмак.
30.12.2019. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
souza.j,ичин тар экени байкалып калыптыр! Жазьай эле койбопсун.
30.12.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
souza.j,ушуга кантип класс бастынар. Сен иштеп аткан ишинен айлык аласында.сенин омуруно коркунуч болуп сени да атып салса айлык алып жаткан болот десе кандай болосун?!!! Ичин тар адам экенсин. Ошол уй алган аялы учун ушуга окшогон 99уйдон 1 жолдошу жанында болсо артык болмок. Ушунча кыйын экенсин барчы чек арага. Сен олсон айлык алган деп эч нерсе бердирбейбиз. Уяты жок!!!
28.12.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы кундоруно насип этсин эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: