super.kg logo
  Саясат  

Пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдерин киргизүү боюнча кеңешме өттү

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдерин киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы белгилегендей, кол коюлган токтомго ылайык пенсиялык топтомдору бар камсыздандырылган жактар топтомун ипотекалык насыя алаарда өздүк салымы катары колдоно алышат.

"Биз пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумундагы акыйкаттуулукту камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечүүдө жарандарга көмөк көрсөтүү максатында киргизип жатабыз. Анын ичинде, эми өзүнүн турак жайы жок камсыздандырылган жарандар пенсиялык топтомдорун ипотекалык насыя боюнча баштапкы төлөмдү каржылоо үчүн пайдалана алышат. Мындан тышкары, өкмөттүн бул чечиминин алкагында тиешелүү тизмеде көрсөтүлгөн оор илдеттерге чалдыккан камсыздандырылган жактар өздөрүнүн пенсиялык топтомдорун медициналык чыгымдарды төлөө үчүн пайдалана алышат", - деди премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө пенсиялык топтомдордогу каражаттарды мөөнөтүнөн мурда алуу укугун берген оор оорулардын тизмеси Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгып, тизмеге онкологиялык илдеттер дагы кирет.

Мухаммедкалый Абылгазиев калктын актуалдуу социалдык маанидеги маселелерин чечүү министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналарын белгиледи. Бул багытта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмдерин жакшыртуу боюнча иштер туруктуу жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: