30-декабрда футбол күйөрмандары митингге чыгышат
Кечээ, 27-декабрда Бишкек мэриясында шаардык кеңештин депутаттары Футбол борборун куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү маселесин карашкан. Бирок аталган маселе боюнча чечим чыкпай, кийинки жыйын 14-январга жылган болчу.
Мындан улам футболго кайдыгер эмес жарандар 30-декабрда митингге чыгууга даярданып жатышат.
"Биз футболдун күйөрмандары 30-декабрда саат 11:00дө шаардык кеңештин имаратынын алдына митингге чыгабыз. Бул акцияга спортко кайдыгер эмес жарандар, футбол сүйүүчүлөрү келе турганы күтүлүп жатат.
Бул көйгөй бир эле спорт күйөрмандарын тынчсыздандырбаш керек, аталган маселе баарыбызга тиешелүү жана ал курула турган борбордо биздин келечек муун, балдарыбыз окуп машыгышат.
Эгерде биз бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калсак, анда спорт, футбол жаатында ийгилик жаратууга чоң жол ачылат, өсүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер бул борборго жер тилке бөлүнүп, имарат салынып калса футболдун жаңы жылдыздары чыгып, биз алар менен сыймыктанып, колдоп, коштоп турмакпыз", - дешет футбол күйөрмандары.
Футбол борбору үчүн жер тилкеси боюнча мэрия буга чейин төмөнкүдөй түшүндүрмө берген.
"Шаарда Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланган. Ушундан улам, шаар мэри кыргыз элине таандык болгон жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүм билемдик жолу менен берүүгө укугу жок. Жер пайдалануу процедурасы жоболордо так жазылып, Бишкек шаарындагы жер тилкелерди ижарага берүү укугун берүү боюнча комиссиянын карамагына кирет", - деп билдирген мэрия.
Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.
























1 |