29-31-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
29-31-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"29-31-декабрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу автоунаа жолунда, Ала-Бука—Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат", - деп жазылат маалыматта.



