super.kg logo

Сабырбек Жумабеков: "Казакстанда учактан жабыркагандардын арасында операцияга муктаждары дагы деле бар"

 
Сабырек Жумабеков операция жасоо процесси учурунда
Кырсыктын кесепетинен бейтаптын эки омурткасы сынып кеткен
Операция жасоо процесси учурунда
Сабырек Жумабеков кесиптештери менен операция жасоо процесси аяктагандан кийин

Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков 28-декабрда хирургдар тобу менен Алматы шаарында кулап, кырсыкка кабылган учактын кесепетинен жабыркаган жаранга операция жасады. Ал 27-декабрга караган түнү жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында Алматы шаарына учкан.

Сабырбек Жумабеков кечээ, 28-декабрда түндө мекенине учуп келди. Ал эми бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталы Сабырбек Жумабеков менен кырсыктан жабыркаган жаранга операция жасоо процесси тууралуу сүйлөштү. Анын айтымында, учак кырсыгынан жабыркаган жарандардын арасында операцияга муктаждары дагы деле бар. Аларды учурда операцияга даярдоо иштери жүрүүдө.

- Сиз операция жасаган жаран денесинин кайсы жеринен жаракат алган экен?

- Операция эки саат жасалып, ийгиликтүү аяктады. Биз операция жасаган жаран 32 жаштагы жаш жигит экен. Анын кырсыктын кесепетинен эки омурткасы катуу жаракат алып, сынып кеткен. Операция жасалган жаранды эртеси күнү дагы барып көрдүм. Учурда анын абалы жакшы.

- Казакстанга жеке демилгеңиз менен бардыңызбы?

- Бул күтүүсүз болуп кеткен окуя. 27-декабрь күнү Казакстанда жабыр тарткандардын ата-энеси жана жеке менчик бейтапканын чакыруусу менен жаныма негизги делген үч киши менен ал жакка барганбыз. Бул жерде эч кандай саясат жок. Мен дарыгер катары өз ишимди аткарууга милдетүүмүн. Анткени бул иште биз өзүбүздүн астыбызда жана Кудайдын астында ант бергенбиз.

Кырсык болуп кетсе адамдардын ден соолугуна кайдыгер карабашыбыз керек. Коңшу өлкө эле эмес, дүйнөнүн кайсы бурчу болбосун жардам берүүгө даярбыз. Негизи бир адамдын өмүрүн сактап калуу - бул бүт ааламды сактап калганга барабар. Ошондуктан биздин милдетибиз адамдарга жардам берүү жана алардын ден соолугуна камкордук кылуу болуп эсептелинет.

- Жабыркаган адамдардын арасында операцияга муктаждар дагы деле болсо керек...

- Ооба, ал жердеги жабыркагандардын көбү учурда операцияга муктаж. Анткени ооруканаларда денесинен ар кандай жаракаттарды алган бейтаптар жатат. Мындан улам аларды пландуу операцияга даярдоо иштери кызуу жүрүүдө. Жабыркагандарды дароо эле операция жасоого болбойт. Бүгүнкү күндө дагы мага ал жактагы ооруканалардын жетекчилери тарабынан көп чалуулар болуп жатат. Алар бейтаптарга операция жасап берүүнү суранышууда. Операцияга бейтаптар даяр болгондо, буюруса дагы барып жасап келебиз. Ал нерседен баш тартпайбыз, бул биздин милдет катары эсептелинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(8)
29.12.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Абдан сонун адам, ортопед-хирург! Бар болуңуз Сабырбек Жумабеков агай!Сизге Кудай ден соолук, жакшылыктарды берсин!
29.12.2019. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Колу дарт көрбөсүн
29.12.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мындай адамдар өтө аз кездешет азыркы заманда. Депутаттыктан баш тартты, Минздравтыктан баш тартты, мен креслодо отурсам операцияны ким кылат деп. Өзүнүн кесибин сүйгөн инсан. Бар болуңуз ар дайым Сабырбек агай.
29.12.2019. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колунуз дарт корбосун, Аллахым сизге бекем ден соолук берсин, уй булоонуз, жакындарыныз менен ар дайым аман болунуз, сиз дуйнолук дэнгээлдеги адамсыз,сиз менен кыргыз эли ар дайым сыймыктанат,озунуздун жонокойлугунуз менен ар дайым эл кызматында болунуз, эки дуйно бактылуу инсан болунуз сизге терен ыраазачылык!
asash түзөттү 2019-12-29 16:21:50
29.12.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Акчаны көбүрөөк сурап жиберген гана жери бар да...
29.12.2019. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kattaldym,анда сен,акчаны азыраак сурагандарга жазатышын керек болчу.Ушундай адамдар кызык да,эшеги суудан откондон кийин боолду,башкача суйлоп башташат.Главный аман эсен айыктырып жатабы ошого шугур де.Ден соолугун болсо,андай акчанын даагы кобун табасын.
29.12.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shabi,)
29.12.2019. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуйнодо учоо болсо бироо Сабыкем. Дуйнодогу саналуу ортопед травм-ог дарыгер бул байкебиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: